2026-жылдын 22-май Тюзь айылында ичүүчү суу түтүктөрүн толук жаңылоо иштери жүргүзүлүп, суу түтүктөрү 100% алмаштырылды. Аталган долбоор Жумашалиев А.К. тарабынан көтөрүлгөн демилгенин негизинде ишке ашырылды.
Долбоорду Ас-Сафа кайрымдуулук фонду каржылап, жалпы узундугу 3 км 400 метр болгон суу түтүктөрү жаңыртылды. Аткарылган иштерге жалпысынан 2 миллион 742 миң сом каражат жумшалды.