Бүгүн Кыргыз Улуттук Филармониянын имаратында Эл аралык аялдар күнү – 8-март майрамына арналган салтанаттуу концерт өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнөн 60 айым катышып, майрамдык маанайда концерттик программага күбө болушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар эмгекчил айымдар сыйлыктар менен белгиленди.
Атап айтканда:
• «Ардактуу атуул» наамы менен Сатыбалдиева К.А. сыйланды;
• Ардак грамота менен Жусупова А. сыйланды;
• Ошондой эле Борукеева Э. да сыйлыкка ээ болду.