З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтү

Жаңылыктар

Суу мунарасы оңдолду

14.04.2026  10:00     Кароолор (2)

📢 Тюзь айылында суу мунарасы оңдолду!
Тюзь айылында жайгашкан суу мунарасына оңдоо иштери жүргүзүлүп, толук кандуу калыбына келтирилди.
🔧 Жалпы чыгым: 150 000 сом
Бул иш биргелешкен аракеттин натыйжасында ишке ашты:
🏛 50 000 сом – айыл өкмөтү тарабынан
👥 50 000 сом – Тюзь айылынын жаштары тарабынан
🤝 50 000 сом – «Ассафа» кайрымдуулук фонду тарабынан
Бул долбоор айыл тургундарынын биримдигин жана жигердүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди. Суу мунарасынын оңдолушу айылдагы таза суу менен камсыздоону жакшыртат.
Бардык колдоо көрсөткөн жарандарга жана демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз!