З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтү

Жаңылыктар

Тюзь айылы, суу ачылышы

22.05.2026  12:25     Кароолор (12)

2026-жылдын 22-май Тюзь айылында ичүүчү суу түтүктөрүн толук жаңылоо иштери жүргүзүлүп, суу түтүктөрү 100% алмаштырылды. Аталган долбоор Жумашалиев А.К. тарабынан көтөрүлгөн демилгенин негизинде ишке ашырылды.

Долбоорду Ас-Сафа кайрымдуулук фонду каржылап, жалпы узундугу 3 км 400 метр болгон суу түтүктөрү жаңыртылды. Аткарылган иштерге жалпысынан 2 миллион 742 миң сом каражат жумшалды.